Нарк ичинен НАМЫСТЫ бөлүп айткан,
Салт ичинен САНААНЫ төгүп айткан,
Эргилчекти түрдүрүп, туурдукту жылдыртып,
Үркөрдүн жылганын да, үй ичинен көрүп айткан
МОЙТ аке:
– кары – жаштын акылын көшүлүп угуп, адепти сактаган,
– адилет менен абийириң эгиз болсо,
–калк ичиндеги калыстыгың тегиз болот – деп, эл ээлерин насилдетип турчу экен.
Аяндан алып чыгып, болоорду билип, ак-караны бөлүп, адал менен арамды ажыратып турган, тулпарды тезегинен таанып, шумкарды текөөрүнөн билген дешет.
Мойт аке топ арасында турганда, алыстан бүркүттүн шаңшыганын угуп: «Кайран гана Тиктиерим менин, быйыл он тогуз кар басты!» – деген экен. Айран таң калган топтогулар: «Жарыктык, он тогуз жыл илгери эркин кеткен бүркүтүңүз ээсин билбей калган чыгаар» дегенде, Акебиз ээндей басып, үндөккө алганда, Тиктиер бир айланып учуп келип, колуна конгон экен.
Каркыра жайлоосундагы кыргыз-казак ат чабышында казактардын күлүгү биринчи марага келет. Күлүктү жазбай тааныган МОЙТ аке: «Байге биздики, жети жыл мурда силерге барымтага кеткен ала байталымдын кулуну экен!» – дейт. Чыр чыгып, чабышка өтөрдө, казактын бийи үч жүз соолук койду солго, козуларын оңго бөлүп, жигитине үч козуну карматып келип, үч жүз койдун ичинен энесин табыңыз деп колун ушалайт.
МОЙТ аке койду аралай басып, эки койду карматып, козуларын эмизип, үчүнчү козунун энеси жок экенин айтат. Атайын үчүнчүсүн коштурбай койгон бий таң калып, казактардын бакканы үчүн көз акысы бар деп, байгени тең бөлүп, күлүктү ээсине калтырган экен.
Азыркы бала- чакабызга кыргыз деген ким? Тегиң ким? Билген, туйган, таалим, таасилдүүңөр барбы? – дегенде:
– көкүрөгү билим, илим, нарк менен көктөгөн, жаратылыш менен жаны бирге, дабагер, касыйдачы касиеттүү МОЙТ акедей даанышманды айтат экенбиз.
Посмотреть эту публикацию в Instagram