7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Өзбекстанда акимчиликке кой айдап барган чабан камалды

2651

Өзбекстанда жергиликтүү бийликке протест катары райондук акимчиликке кой айдап барган жаран он күнгө камалды. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ал 17-июнда «Mubosher Laziz Azizbek fayz» фермасынын койлорун Наманган облусунун Янгикурган райондук акимиятынын имаратына айдап барган.
Район жетекчилиги кой чарбачылыгы үчүн жер бөлүп бербегендиктен чабан ушул жол менен нааразылык билдирген.

Облустук ички иштер башкармалыгы ал Админстративдик кодекстин бир канча беренеси менен айыптуу деп табылганын билдирди. Фермер район борборундагы жашылдандыруу иштерине залака тийгизди деп он күнгө камалды жана айыппул салынды.

Белгилей кетсек, мурдараак Самарканд облусунун Нурабад районунун акимчилигинин алдына бир жарым миңдей кой айдап келишкен эле.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

2652