Бүгүн, Орусиянын Кемерово облусунда L-410 үлгүсүндөгү учак кулады. Бул тууралуу Сибир авиация издөө-куткаруу борбору билдирди.
Маалыматка ылайык, эки кыймылдаткыч менен иштеген учактын бортунда 17 парашютчу жана эки учкуч болгон. Асманга көтөрүлгөндө мотор иштебей калган. Чукул конуп жатканда токойдогу дарактарга кулаган. Каза тапкандар жана жараат алгандар бар.