7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстан менен Ирандын тышкы иштер министрлери жолугушту

581

2021-жылдын 18-июнунда өтүп жаткан Анталия дипломатиялык форумунун аянтчасында КРнын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Иран Ислам Республикасынын тышкы иштер министри Мохаммад Жавад Зариф менен жолугушту. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ушул жылдын апрель айында Иран Ислам Республикасынын министри Ж.Зарифтин Бишкек шаарына болгон иш сапарынын жүрүшүндө жетишилген макулдашууларды жана жыйынтыктарды талкуулоо менен тараптар кыргыз-иран кызматташтыгынын деңгээлине канааттангандыгын жана мындан аркы өнүктүрүүгө кызыкдар экендиктерин билдиришти.

Белгилей кетсек, эки мамлекеттин тышкы саясий ведомстволорунун башчылары 2020-жылы пандемияга байланыштуу токтотулган Кыргызстан менен Ирандын ортосундагы авиакаттамды үстүбүздөгү жылдын 17-июнунда калыбына келтирүүгө оң баа беришти.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

582