7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Марипов: Чүй каналынын айланып өтүүчү экинчи бутагын куруп баштоо керек

865

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Чүй облусуна жумушчу сапарынын алкагында Орто-Токой суу сактагычына жана Чүй облусунун суу чарба объектилерине барды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Орто-Токой суу сактагычынан секундуна 120 кубометр көлөмдөгү суу коё берилсе, анын 110 кубометри Чүй облусу үчүн каралган. Чыгыштагы Чоң Чүй каналынын башкы суу курулмасына болжол менен 80 куб метр суу жетет, 30 куб метр суу фильтрацияга кетет. Бул суунун толтурулгус жоготуусу.

«Мен бул объектилерге жер-жерлердеги абал менен жеке таанышуу үчүн атайын келдим. Суу коё берилип жатат, бирок суунун көп бөлүгү жолдо жоготууга учурап жатат. Бул коңшу өлкөгө сууну агызып жаткандыгыбыз, же айрым дыйкандардын талааларына суу берилип жаткандыгы менен байланыштуу эмес. Чу дайрасынын нугундагы жогорку фильтрацияга байланыштуу суу ресурстарынын тартыштыгы көйгөйүн чече ала турган ондогон кубометр суулар жоготууга учурап жатат. Ошондуктан биз келечекте сууга байланыштуу көйгөйлөр болбошу үчүн ыкчам тартипте чечим кабыл алышыбыз керек. Учурда Чүй өрөөнүнүн сугат тутумун өнүктүрүү боюнча долбоорду ишке ашырууну тездетүү маанилүү. Кеп түштүк Чоң Чүй каналын куруу тууралуу жүрүүдө. Ал үчүн биринчи кезекте Чүй каналынын айланып өтүүчү экинчи бутагын куруп баштоо керек. Ошондо суунун жоготуусу орун албайт», — деди Улукбек Марипов.

Белгилей кетсек, Марипов жакын арада түштүк Чоң Чүй каналынын курулуш долбоору боюнча сунуш киргизүүнү жана курулуш иштерин баштоону тапшырды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

866