7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Өзбекстанда дарыга ууланган 69 баланын өлүмү боюнча сот өкүм чыгарды

692

Ташкент шаардык соту индиялык «Док-1 Макс» дарысын ичкен 69 баланын өлүмү боюнча айыпталган 23 кишиге карата өкүм чыгарды. Бул тууралуу Gazeta.uz сайты кабарлады.

26-февралдагы өкүмгө ылайык, Өзбекстандын Фармацевтика агенттигинин мурдагы жетекчиси Сардор Кариев 18 жылга, анын орун басарлары Амирхон Азимов менен Нодирбек Мусаев 16 жылга жана Quramax компаниясынын мурдагы директору, Индиянын жараны Рагневдра Пратар 20 жылга эркиндиктеринен ажыратылды. Калган айыпталуучулар 10 жылдык жаза мөөнөтүн алып, айрымдары тергөө абагынан шартуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошотулду.

Бул иш боюнча соттолгондорго «Салык жашыруу», «Сапатсыз жана жасалма дары-дармек сатуу», «Кызмат абалынан кыянат пайдалануу», «Шалаакылык» жана «Жемкорлук» беренелери боюнча айыптар тагылган.

Өзбекстанда 2022-жылдын аягында «Док-1 Макс» сиробун ичкенден кийин абалы начарлап, ондогон бала чарчап калган окуядан кийин өкмөт териштирүү жүргүзүп, анын курамында этиленгликоль деген адатта өндүрүш тармагында колдонулуучу химиялык уулуу зат бар экенин аныктап чыккан жана бул дарыны сатууга тыюу салган.

Буга байланыштуу Индияда да териштирүү иштери жүрүп, бир нече киши кармалган.

693