7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Медербек Сыдыков Кыргыз футбол союзунун жаңы Башкы катчысы болуп дайындалды

517

Бүгүн, 27-февраль күнү Кыргыз футболдук союзунун кеңсесинде КФСтин Аткаруу Комитетинин жаңыдан шайланган курамынын алгачкы жыйыны болуп өттү. Отурумдун бекитилген күн тартибине ылайык, уюмдун ишмердүүлүгүнө байланышкан бир катар маселелер каралды. Негизги маселенин бири КФСтин жаңы Башкы катчысынын бекитүү болду.

Белгилей кетсек, КФСтин президенти уюмдун Уставына ылайык Башкы катчынын кызмат ордуна болгон талапкерди Аткаруу Комитетинин кароосуна киргизүү ыйгарым укугуна ээ. Андыктан, КФС президенти Камчыбек Ташиев Комитеттин кароосуна Сыдыков Медербек Абдыкалыковичтин талапкерлигин сунуштады, ал Аткаруу Комитетинин мүчөлөрү тарабынан бир добуштан жактырылды. Медербек Сыдыков жаңы кызматка 2024-жылдын 27-февралынан тарта киришет. Сыдыков 2017-жылдын апрелинен 2021-жылдын августуна чейин КФСтин Башкы катчысы, ошондой эле 2021-жылдын октябрынан 2024-жылдын февралына чейин КФС президенти кызматында иштеп келген.

Жыйындын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын премьер Лигасынын 2024-жылкы сезонуна катышуучу клубдар бекитилди. Чечимге ылайык, былтыркы жылкы чемпионатка катышкан 10 клубдан турган курамөзгөрүүсүз калган. Андан сырткары, Аткаруу Комитетинин мүчөлөрү тарабынан КФС президентинин «Футболду колдоо фонду» коомдук уюмун түзүү демилгеси жактырылды. Аталган фонд футболду өнүктүрүү, жайылтуу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагында футбол инфраструктурасын модернизациялоо жана өнүктүрүү боюнча өз ишин алып барат.

Ошондой эле, Аткаруу Комитетинин мүчөлөрү КФС Катчылыгынын жаңы түзүмүн жана КФСтин туруктуу-профилдик комитеттеринин курамдарын талкуулап, аларды бекитишти.

 

 

518