Ташкентте Нооруз майрамына карата салмагы 6 тонна 200 кг болгон сүмөлөк жасалды. Бул тууралуу маалыматты жергиликтүү басма сөз каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, майрамдык тамакты 30 ашпозчу даярдаган. Сүмөлөк бардык конокторго жана ошондой эле балдар үйүнө таратылган.
Майрамдык программада фольклордук ансамблдин дагы катышуусу камтылган.