Жейрендер 5 улактуу болду. Бул тууралуу Биология институтунун омурткалуу жаныбарлар лабораториясынын башчысы Аскар Давлетбаков жазып чыкты.
Анын айтымында, 28-30-апрель күндөрү кыргыз жейрендеринин алгачкы төлдөрү туулган.
Жейрендер Кыргызстанга 2021-жылдын аягында алынып келинген. Алар Ысык-Көлдө питомникте багылууда. 2000-жылдары Кыргызстандын аймагында жок болуп кеткен. Коңшу өлкөдөн 15 баш жаныбар жеткирилген. Жейренге аңчылык кылгандар айыпка жыгылат.