Бүгүн, 2-майда өлкөнүн айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борборунан билдиришти.
Абанын температурасы Чүй, Талас облустарында +16…+21, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +23…+28, Ысык-Көл облусунда +10…+15, Нарын облусунда +12…+17 градус болушу күтүлөт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 17-22 метрге жетиши күтүлөт. Ал эми Бишкек шаарында абанын табы +18…+20 гардусту көрсөтөт.