30-апрель күнү эртең менен Талас районуна караштуу мал базардан ууру кармалды деген видеолор соц.тармактарга тараган. Анда тургундар 25-30 жаштагы белгисиз бир адамды акча уурдады деп шектеп кармап алышкан. Бүгүн, 2-майда Талас ОИИБ экинчи шектүү кармалганын билдиришти.
«Бул кылмышка шектүү катары анын шериги 1981-жылы туулган жаран аныкталып кармалды. Кармалган шектүүлөрдүн экөө тең мурда соттолгон, алардын башка кылмыштарга тийиштүүлүгү боюнча дагы иликтөөлөр жүрүп жатат. Бүгүнкү күндө алар убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө жана иликтөө иштери жүрүп жатат»- деп билдиришти.