Таластын мал базарында кармалган чөнтөкчү ууруну элдер байлап койгон видео социалдык тармактарда тарап, көпчүлүктүн көңүлүн бурду. Бул окуя тууралуу биздин редакция Талас ОИИБге байланышканыбызда төмөндөгүлөрдү билдирди.
«Бүгүн, 30-апрелде эртең менен интернетте жайылга видео боюнча элдер болжол менен 25-30 жаштагы азиат улутундагы белгисиз бир адамды акча уурдады деп шектеп кармап алышкан. Окуя болгон жерге Талас РИИБдин тергөө тобу барып текшерүү иштерин баштаган.
Текшерүү учурунда Бишкек шаарынын тургуну өзүн 1993-жылкы Ш. уулу Э. деп тааныштырган жаранды мал базарда жүргөн жарандар “чөнтөккө кол салып, уурулук жасаган”-деп, мал базардагы электр жарык берүүчү темир карагайга колунан жана белинен жип менен байлап коюшкандыгы аныкталган.
Текшерүү учурунда Талас облусунун Кара-Буура районунун Бакайыр айылынын 1976-жылкы тургуну мал базардан 60 миң сом акча каражатын белгисиз адамдар тарабынан уурдатып алгандыгы боюнча арыз менен кайрылган. Мындан тышкары Кара-Буура районунун 1999-жылкы тургуну дагы мал базардан өзү асынып жүргөн сумкасынан 6 миң сом акчасын белгисиз адамдар таарабынан уурдатып кеткенин билдирген.
Кармалган жаран милицияга алынып келип, ал Ысык-Көл облусуна караштуу Григорьевка айылынын 1989-жылкы тургуну экени аныкталды. Текшерүүдө анын жанынан жалпы 35 миң 200 сом акча каражаты алынган.
Окуя болгон аймакта милиция кызматкерлери иш-алып барып жатышкан. Аны ооруканага алып барышканда саламаттыгына эч кандай коркунуч келтирилген жоктугу аныкталды.
Учурда шектүүнүнүн өздүгүн тактап, текшерүү жана иликтөө иштерин жүргүзүп жатышат. Кармалган шектүү боюнча анын башка кылмыштарга тийиштүүлүгү боюнча дагы иликтөөлөр жүрүп жатат. Мыйзам ччегинде чечим кабыл алуу максатында текшерүү иштери жүргүзүлүп жатат»- деп берилет маалыматта.