7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президент Караколдогу “Ак-Суу” балдар реабилитациялык борборуна барды (ФОТО)

565

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 30-апрелде, Каракол шаарындагы Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасынын “Ак-Суу” реабилитациялык бөлүмүнө барды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бул борбор 100 орунга ылайыкташып, атайын борбордук нерв системасынын оорулары, тагыраак айтканда церебралдык шал оорусу менен балдарды дарылоого багытталган.

Анын аймагында ошондой эле дарылык касиетке ээ жана оорулуунун организминин нерв системасындагы бузулууларды калыбына келтирүүгө оң таасирин тийгизген термалдык радон булактары бар.

Учурда “Ак-Суу” реабилитациялык бөлүмүндө өлкөнүн ар кайсы облустарынан келген 72 бала дарыланууда. Үстүбүздөгү жылдын биринчи кварталында 500дөн ашык бала реабилитациядан өткөн.

Санаторийде совет доорунда курулган 3 корпус бар, алар бүгүнкү күндө капиталдык реконструкцияга муктаж. Ошол эле учурда балдарды реабилитациялоо жана аларды карап жаткан ата-энелер үчүн зарыл шарттар бар.

Мамлекет башчысы реабилитациялык борборду кыдырып чыгып, медицина кызматкерлери менен баарлашууда мекеменин орчундуу көйгөйлөрүн чечүү жана аны капиталдык реконструкциялоого каражат табуу маселеси карала турганын белгиледи.

Материалдык-техникалык базанын жаңыланышы толугу менен заманбап мекемеге айланууга жана медициналык туризмди өнүктүрүүгө мүмкүндүк берет.

Садыр Жапаров бул реабилитациялык бөлүмдүн уникалдуулугун баса белгилеп, борборду керектүү медициналык жабдуулар менен камсыздоону, ошондой эле жаңы тез жардам унааларынын бирин бөлүп берүүнү тапшырды.

Мындан тышкары, президент Садыр Жапаров борбордун кызматкерлерине айрым кыйынчылыктарга карабастан, адистер өз ишин сапаттуу аткарып жатканына ыраазычылык билдирди.

Андан ары мамлекет башчысы “Балыкчы-Бөкөнбаев-Каракол” эл аралык автожолунун реконструкциялоо иштеринин жүрүшү менен таанышты.

Трассанын жалпы узундугу 141,6 чакырымды түзөт. Бөлүүчү тосмо менен төрт тилкелүү жол курулууда. 2024-жылдын ноябрында биринчи бөлүгүнүн реконструкциясынын аякташын убада кылышууда.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

566