Ак-Ордо конушунда үйү сүрдүрүлгөн Марал Шаболотова жаңы салынган үйгө көчтү. Бул тууралуу журналист Мирбек Осмонов билдирди.
Анын айтымында, ал кечээ, 1-майда үй-бүлөсү менен көчүп, конокторду тоскон.
Ак-Ордо-3 конушунда жер чырынан улам үйү түрттүрүлүп, балдары менен көчөдө калган келин тууралуу видео тараган. Президент Садыр Жапаров 5-мартта Ак-Ордо конушуна пландан тышкары барып, балдары менен барар жери жок калган үй-бүлө менен жолуккан. Фонд анын үй-бүлөсүнө үй салып баштаган.