Бишкек шаарынын Ленин жана Биринчи май райондорунун конуштарында балдарды мектепке чейинки билим берүү мекемелерине тартууну эки эсеге көбөйтүү боюнча пилоттук долбоорду ишке ашыруу пландалууда. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
“Өкмөттүн акселераторлору” программасынын алкагында мектепке чейинки билим берүү мекемелерине камкордуктарды көбөйтүү маселесин чечүү үчүн ведомстволор аралык жумушчу топ түзүлдү. Ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчилигин президентине караштуу Балдардын укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү ишке ашырат. Анын курамына Билим берүү жана илим министрлигинин, Саламаттыкты сактоо министрлигинин, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, Бишкек шаарынын мэриясынын, Финансы министрлигинин, Экономика жана коммерция министрлигинин, Мамлекеттик салык кызматынын, башка мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердин өкүлдөрү, ошондой эле эксперттер жана жарандык коомдун өкүлдөрү кирди. Максаты жеке ишкердик менен алектенген жеке адамдар тарабынан турак жайларда үй тибиндеги бала бакчаларды ачууга көмөк көрсөтүү болуп саналат.
Бүгүнкү күндө бала бакчаларды ачуу үчүн юридикалык жакты каттоодон өткөрүү, турак эмес жайларга ээлик кылуу же ижарага алуу жана Билим берүү жана илим министрлигинен лицензия алуу зарыл, ал үчүн 15ке жакын документтердин түрүн чогултуу керек. Арча-Бешик, Ала-Тоо, Ак-Ордо, Ак-Босого, Калыс-Ордо, Мурас-Ордо конуштарында ишке кирүүчү жаңы тартип жеке ишкер катары катталгандарга үй тибиндеги бала бакчаларды ачууга мүмкүндүк берет.
Кошумча кеңештерди төмөнкү телефондор аркылуу алса болот:
— Биринчи май району — 62 35 02;
— Ленин району — 65 68 94.