Өзбекстандын 32 жаштагы тургунунун үйүнөн Кыргызстан менен байланыштырып турган туннель табылды.
«Кылмышка 8 киши аралашкан, алардын алтоо — кыргызстандыктар. Туннель аркылуу 1,5 миллион доллар өткөрүлгөнү аныкталган. Аткезчилик менен иш алып барган кылмышка тийиштүүлөрдүн баары 6 жылдан 8 жылга чейин соттолгон»деп айтылат маалыматта.
Буга чейин Ош облусунун Кара-Суу районундагы кыргызстандык жарандын үйүнөн Өзбекстан менен байланыштырган туннель табылган.