УКМК тарабынан ок атуучу куралдардын мыйзамсыз жүгүртүлүшү жөнүндө контр-чалгындоо иш-чараларын жүрүшүндө, ок-дарылар жана жардыргыч заттар бекитилген боюнча ыкчам маалымат алынган. Анын негизинде үстүбүздөгү жылдын июнь айынын башында Ош облусунун Кара-Суу районунун аймагына белгисиз адамдар тарабынан, жеке ишкердик менен алектенген адамдарга каракчылык жана куралдуу кол салуу үчүн арналган ок атуучу куралдар салынган баштыкты бекитип кеткендиги аныкталган.
13-июнь күнү Кара-Суу районуна караштуу Төлөйкөн айылында ок атуучу куралдар жана ок-дарылар сакталган жай табылды.
Аталган аймакты текшерүүнүн жыйынтыгында баштыктын ичинен төмөндөгүлөр табылган:
— 1 даана (кесилген) жылмакай мылтык;
— 1 даана идентификациялык номерлери өчүрүлгөн револьвер;
— 13 даана ар түрдүү калибрдеги ок-дарылар.
Учурда тергөөнүн толуктугун жана объективдүүлүгүн камсыз кылуу үчүн тиешелүү экспертизалар дайындалды.