Азия биринчилигинде спорттун грек-рим күрөшү боюнча Жантөрө Мырзалиев менен Нурболот Сыргабай уулу алтын медаль тагынды.
Беттеште, Жантөрө Мырзалиев 60 кг салмакта күрөшкө чыгып, жапон балбаны Шина Ясумини 4:2 эсебинде, жарым финалда казак балбаны Юссуф Ашраповду 7:4 эсебинде жеңип, финалга өткөн. Ошондой эле, алтын үчүн болгон күрөштө ирандык балбан Аболфазл Хосейн Миршекарды 8:5 эсебинде утуп, Азия чемпиону аталды.
Ал эми 92 кг салмакта күрөшкөн Нурболот Сыргабай уулу биринчи беттешинде индиялык Уттам Рана менен беттешти. Анда 9:0 эсебинде жеңишке жетип, жарым финалда ирандык Хамидреза Мортеза Кешткарды 5:3 эсебинде утуп, финалга жолдомо алган. Финалда казакстандык Элчибек Розакуловду 3:1 эсебинде утуп, Азия чемпиону болду.
Күрөштүн ушул эле багытынан килемге чыккан, 51 кг салмактагы дагы бир балбан Кубаныч Арынов күмүш медаль, ал эми 55 кг салмактагы Абдулахадхожа Абдуллахожаев коло медаль алышты.
Бишкек шаарында кечээ күнү күрөш боюнча 17 жана 23 жашка чейинкилер арасында Азия биринчилиги башталды. Чемпиондук үчүн беттештер 26-июнда аяктайт. Коюлган орундарына ылайык, баштапкы күрөш 10:30да, ал эми финалдык күрөш 18:00дө болот.
Виноградная көчөсү, 1/3 дарегиндеги Bishkek Arena муз аянтында өтө турган мелдештерди Дүйнөлүк күрөш уюму расмий сайты аркылуу, андан тышкары УТРК түз алып көрсөтүп жатат.
Беттештерди көрүүнү каалагандар үчүн билеттер муз аянттын кассасында 350 сомдон сатылууда.