7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2023
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
2627282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
Бишкек, KG
28°C

Жаңы дайындоо. Таш-Көмүр шаарына Келсинбек Бектемиров мэр болду

363

Бектемиров Келсинбек Базаркулович Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарынын мэри болуп дайындалды. Маалыматты Президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгү билдирди.

Тиешелүү буйрукка президент Садыр Жапаров кол койгон. Мэрди облус башчысы Абсаттар Сыргабаев эмгек жамаатка жана шаар жетекчилерине тааныштырды.

Келсинбек Бектемиров 1980-жылы Ош облусунун Жаңы-Жол районуна караштуу Кара-Суу айылында туулган. Билими жогорку, 2002-жылы Ош мамлекеттик юридикалык институтун аяктаган.

Эмгек жолунда 2008-2014-жылдары Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин тармактык бөлүмдөрүндө эмгектенген. 2013-2014-жылы Жогорку Кеңешинин депутатынын жардамчысы, жеке компаниялардын аткаруучу директору, 2012-2020-жылдары Таш-Көмүр шаардык кеңешинин эки чакырылышынын депутаты болуп шайланган.

Буга чейин Таш-Көмүр шаарын Нурлан Доулбеков жетектеп келген. Анын ушул жылдын июнь айында кызматтык мөөнөтү аяктаган.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

364