7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Министрлик: Кенже класстын окуучуларына ысык тамак берүү каралып жатат

451

Кыргызстанда мектеп окуучуларынын тамактануусун уюштурууну жакшыртуу жөнүндөгү парламенттин токтомунун долбоору талкууланып жатат. Жогорку Кеңештин Социалдык саясат комитетинде өткөн жыйындын жүрүшүндө билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова 2023- жылга чейин баардык мектептерде кенже класстын окуучуларына бир маал ысык тамак берүү каралып жатканын айтты.

Жусупбекова буга чейин ысык тамак берүү бир топ кыйындаганын билдирди, ага азык-түлүктүн баасы кескин кымбаттап, тендерге катышуучулардын саны азайганы себеп болгон.
Финансы министрлигинин берген маалыматына таянсак учурда бир окуучунун тамагына күнүнө 14 сом бөлүү каралып жатат, 2023-жылга бул сумманы дагы алты сомго көбөйтүү планы бар.

Расмий маалыматка ылайык башталгыч класстарда окугандардын жалпы саны 56 миңге чамалайт. Ысык тамак үчүн мамлекеттен 595 миллион сом бөлүнгөн.

Өлкө башчысы Садыр Жапаров 2021-жылдын аягында бир катар социалдык мекемелердеги тамактанууга каралган акча каражатын эки эсе көтөрүү тууралуу жарлыкка кол койгон. 1 -январдан тартып Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин, Билим берүү жана илим министрлигинин, Саламаттык сактоо министрлигинин карамагындагы мекемелерде жашаган балдардын, улгайган жарандардын, майыптыгы бар адамдардын жана жетим балдардын, ата-энесинин көзөмөлүсүз калган балдардын тамак-ашына каралган каражат эки эсе көбөйгөн.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

452