Кыргызстанда мектеп бүтүрүүчүлөрүнө аттестат 7-июлда тапшырылат. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинен билдиришти.
Бул жылы 11-классты 67 миңден ашуун окуучу аяктап жатат. Ал эми 9-класстын 106 миңден көп бүтүрүүчүсү бар.
Аларга 5-июлда негизги жалпы билими тууралуу документ тапшырылат. Мында шаан-шөкөт уюштурууга тыюу салынган. Мектеп ичинде салтанаттуу линияга гана уруксат берилген.
Ал эми билим берүү мекемесинин сыртында балдарга ата-энелер жооптуу.