Бишкекте бул жумада аба-ырайы туруксуз болот. Синоптиктердин маалыматына ылайык, температуранын кескин өзгөрүүсү күтүлбөйт – күндүз аба табы +28 градустан +33 градуска чейин жылуу болот.
Бирок апта жаан-чачынга бай болот. Болгондо дагы күн тийип жатканда аба-ырайы кескин бузулуп, жаан жаап баштайт. Бейшемби, жума күндөрү күн күркүрөп, жаан жаайт. Ал эми эс алуу күндөрү тоо койнуна же Ысык-Көлгө бет алган оң, анткени 25-26-июнда ордо калаада күн 38 градуска чейин ысыйт.
«Кыргызгидромет» кабарлагандай, эртең батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши мүмкүн.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 13…18, күндүз 24…29,
Талас облусунда түнкүсүн 10…15, күндүз 20…25,
Баткен, Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн 14…19, күндүз 24…29,
Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн 10…15, күндүз 22…27,
Нарындын өрөөндөрүндө түнкүсүн 9…14, күндүз 19…24,
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн 0…+5, күндүз 6…11°.