Өзбекстандын паспорту дүйнөдөгү эң күчтүү паспорттор рейтингинде бир нече тепкичке көтөрүлдү. Бул тууралуу Henley & Partners инвестициялык компаниясы билдирди.
Маалыматка ылайык, Өзбекстан 2025-жылы 99 өлкөнүн ичинен 74-орунду ээледи. Азыркы учурда өзбек жарандары дүйнөнүн 62 өлкөсүнө визасыз же келген учурда виза алып кире алышат.
Казакстан 63-орунда, жарандары 79 мамлекетке визасыз кирсе, Кыргызстан 73-орунда, ал эми Тажикстан 80-орунда турат.
Рейтингдин эң башында Сингапур орун алган — бул өлкөнүн жарандары 193 мамлекетке визасыз кире алышат. Ал эми акыркы орунда Афганистан турат: анын жарандары болгону 25 өлкөгө визасыз бара алышат.