7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Өзбекстандын премьер-министри Акылбек Жапаровду Орозо айт майрамы менен куттуктады

762

Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровго Орозо айт майрамына байланыштуу куттуктоо телеграммасын жөнөткөн. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Куттуктоо катында кылымдар бою аздектелип келген Орозо айт майрамы мындан ары да элдерибиздин ортосундагы достук байланыштарды бекемдөөгө кызмат кылаары белгиленген.

«Биздин ырааттуу аракеттерибиз менен өлкөлөр ортосундагы өз ара пайдалуу жана келечектүү мамилелер мындан ары да кеңейтилет. Сизге – чың ден соолук, ишиңизге ийгилик, ал эми Кыргыз Республикасынын элине тынчтык, бейпилдик, үзгүлтүксүз өнүгүүнү жана бакубаттуулукту каалайм», — деп айтылат Өзбекстан Республикасынын Премьер-министринин куттуктоосунда.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

763