7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Мекенибизге ынтымак, биримдик, тынчтык берсин. Муфтий кыргызстандыктарды куттуктады

588

Кыргызстан мусулмандарынын Азирети муфтийи Замир кары Ракиев Орозо айт майрамы менен кыргызстандыктарды куттуктады.

«Урматтуу Кыргыз элим, жалпы Кыргызстандын жарандары жана мамлекетибиздин, борбор шаарыбыздын меймандары!

Сиздерди Орозо айт майрамы менен чын дилимден куттуктайм!

Улуу Рамазан айы биз үчүн Жараткандын кечиримин алууга чоң мүмкүнчүлүктөрдү шарттаган ай. Орозо – бул ыймандын бекемделишине жогорку деңгээлде салымын кошкон ибадат. Орозо жашоодо зарыл болгон сабыр, эрктүүлүк, напсилик арзуулардан оолак болууну үйрөтүү менен бирге адеп-ахлагыбызды көркүнө чыгарат. Андыктан күнөөлөрдөн арылуу үчүн Аллага чын ыкластан ибадат кылып, Азирети Пайгамбарыбыздын осуяттарын жерге таштабай колунда жок мусулман боордошторубузга колдон келген жардамды аябашыбыз керек. Мына бүгүн Рамазан айын да жыйынтыктадык. Отуз күн бою ибадат кылып, орозо кармап, Аллахтын ыраазычылыгын издеп келдик. Ар бирибиз Рамазан деген устат айдан көптөгөн сабактарды алып, эми аны жашообузда колдонгонго аттанып турган кербезибиз. Рамазан айында жаман айтуудан, ушактан жана ар кандай жаман адаттардан арылдык. Мындан ары да бул адаттарыбызды уланталы. Мусулман кишинин ар бир кыймылы ибадат боло турган мүмкүнчүлүгүбүз бар. Аллахтын айткандарын аткарсак басканыбыз, сүйлөгөнүбүз, атүгүл уйкубуз да ибадат болуп эсептелет.

Ислам дининдеги айт майрамдар – чоң-кичине, бай-кедей дебестен баарынын орток кубанычы. Айттарыбыз Жараткан Алла үчүн бүт макулуктарды сүйүүгө, аларга аяр мамиле кылууга жана кам көрүүгө түрткү болушу керек. Орозо айт — Рамазандын кадырын толук билгендерге, бул куттуу айды Алла Тааланын буйруктарына ылайык өткөргөндөргө, түбөлүктүү жыргалчылыктарды болоор болбос азгырыктардан жогору койгондорго жана акыреттеги бейишти дүнүйөлүк жыргалдарга алмашпагандарга Жараткандын көрсөткөн сыйы. Айт майрамдарыбыздын маңызын канчалык терең түшүнүп, татыктуу түрдө өткөрсөк, Исламды талаптагыдай жашай алаарыбыз шексиз. Андыктан, айт күндөрү жана жыл бою өзүбүздү өзүбүз суракка алып, кылган амалдарыбызды таразалап, эмне максатта жаралып, акырында кайда бараарыбызды эстен чыгарбай жүрүшүбүз керек Айт күндөрү санаага батып, ооруган көңүлдөргө дабаа болушубуз керек. Ушундай айттар пендени да, башкаларды да кубанычка жана шаттыкка бөлөйт.

Урматтуу мусулмандар! Алла Таала ар бирибиздин туткан орозолорубузду кабыл кылып, билип-билбей кетирген кемчилдиктерибизди кечирип, кылган ибадаттарыбызды кемчиликсиз кабыл кылсын. Мекенибизге ынтымак, биримдик, тынчтык берсин. Ар бир үй-бүлөдө сүйүнүч, бактылуулук өкүм сүрсүн. Эки дүйнө бактылуулугун ар бирибизге насип кылсын!

Айтыңыздар маарек болсун!»,- дейт куттуктоосунда Кыргызстан мусулмандарынын Азирети муфтийи Замир кары Ракиев.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

589