7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Өзбекстандын премьер-министрин ажарлуу кыздар тосуп алды

686

Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов Кыргызтанга келди. Бул тууралуу Министрлер кабинетинен билдиришти.

“Манас” эл аралык аэропортунан Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Ариповду Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев тосуп алды.

Белгилей кетсек, Абдулла Арипов үстүбүздөгү жылдын 26-октябрында Бишкек шаарында өтө турган Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйынына, Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйынына жана Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынына катышат.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

687