7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Өзбекстандын президенти Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келет

705

9-декабрда Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келет. Бул тууралуу ТИМ башчысынын орун басары Айбек Артыкбаев Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинде билдирди.

Анын айтуусуна караганда, визиттин алкагында бир катар эки тараптуу документтерге кол коюу пландалууда.

«Ошондой эле кыргыз-өзбек чек арасы боюнча ратификациялык грамоталарды алмашуусу күтүлүүдө», — деди ал.

Белгилей кетсек, эки өлкөнүн ишкер чөйрөлөрүнүн ортосундагы байланышты чыңдоого багытталган кыргыз-өзбек бизнес-форуму өткөрүлөт.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

706