7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Шавкат Мирзиёев Садыр Жапаровду «Центерра» менен тийиштүү келишимге кол коюлушу менен куттуктады

825

Бүгүн, 8-апрелде президент Садыр Жапаров Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Шавкат Мирзиёев Садыр Жапаровду Кумтөр алтын кенинин макамы боюнча «Центерра» компаниясы менен сүйлөшүүлөрдүн ийгиликтүү аякташы жана тийиштүү келишимге кол коюлушу менен куттуктады.

Мамлекет башчылары кыргыз-өзбек эки тараптуу кызматташуусунун актуалдуу маселелерин талкуулап, аймактык күн тартибиндеги маселелер боюнча пикир алышты.

Садыр Жапаров Баткен облусуна эки орто мектепти куруу, ошондой эле Бабур атындагы Ош мамлекеттик академиялык өзбек музыкалык драма театрын реконструкциялоо маселесин чечкени үчүн  өзбек тарапка ыраазычылык билдирди.

Ошондой эле Жапаров, Мирзиёевдин Кыргызстанга пландалган иш сапары  эки мамлекеттин ортосундагы  стратегиялык өнөктөштүктү мындан ары да чыңдоого өбөлгө болоруна ишенимин билдирди.

Жапаров 2022-жылдын 26-27-майында Бишкек шаарында өтө турган  Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жана Евразиялык экономикалык форумдун жыйынына Өзбекстандын президенти өзү катышарын күтүп жатканына көңүл бурду.

Сүйлөшүү соңунда мамлекет башчылары ыйык Рамазан айынын башталышына байланыштуу бири-бирин куттукташты.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

826