Жалал-Абад облусунун аймагында 8-10-апрель күндөрү “Мал ууру” аталышындагы ыкчам иликтөө жана алдын алуу иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, ушул жылдын 3 айында Жалал-Абад облусунда 39 мал уурулук фактысы катталып, 20 кылмыштын бети ачылган.
Бул иш-чара бети ачылбай калган мал уурулук фактыларын бетин ачуу, мал базарларда жана эт азыктарына уурдалган малдарды сатууга бөгөт коюу, малга мыйзамсыз маалым кат бергендерди көзөмөлдөө жана каттоосу жок мал союу жайларын аныктоо максатын көздөйт.
Учурда Жалал-Абад областтык ички иштер башкармалыгынын, райондук жана шаардык ички иштер бөлүмдөрүнүн кызматкерлери ар кайсы аймактарда тиешелүү иштерди жүргүзүшүүдө.