7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Өзбекстандын президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Жаңы жыл менен куттуктады

385

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Жаңы жыл менен куттуктады.

«Сизди жана достук мамиледеги Кыргыз Республикасынын элин келе жаткан жаңы — 2025-жыл менен куттуктап, эң жакшы каалоо-тилектеримди жолдоо мага чоң кубаныч тартуулайт.

Сиздин жетекчилигиңиз астында жүргүзүлүп жаткан масштабдуу саясий жана социалдык-экономикалык реформалардын натыйжасында боордош Кыргызстанда бүгүнкү күндө бардык чөйрөлөр динамикалуу өнүгүп жатканына биз абдан кубанычтабыз.

Бекем саясий эрк жана биздин биргелешкен аракеттерибиздин жана умтулууларыбыздын жемиштүү болушу менен катар акыркы жылдары Өзбекстан менен Кыргызстандын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк мамилелери барган сайын тереңдеп баратканын баса белгилеп кетким келет.

Баарын камтыган жана узак мөөнөттүү кызматташтык мамилелер боордош элдерибиздин жалпы жыргалчылыгы үчүн өз ара ишеним, урматтоо жана колдоо духунда мындан ары да динамикалуу өнүгө берет деп ишенем», — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

386