7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Өзбекстандын жараны болгон 25 этникалык кыргыз Кыргызстандын ЖОЖдоруна кабыл алуу үчүн сунушталды

552

Билим берүү жана илим министрлиги 2021-2022-окуу жылына карата Кыргызстандын жогорку окуу жайларында Өзбекстандын 37 миңден ашуун жараны билим алгандыгын маалымдайт.

Алардын ичинен студенттердин эң көп саны Ош мамлекеттик университетинде — 12 миң 280 студент, М. Адышев атындагы Ош технологиялык университетинде — 10 миң 136 студент, Кыргыз-Өзбек университетинде — 6 миң 229 студент, Баткен мамлекеттик университетинде — 3 миң 326 студент ж.б.

Президенттин 2003-жылдын 25-мартындагы №102 “Чет өлкөлөрдө жашаган мекендештерге билим берүү жана улуттук маданият маселелеринде колдоо көрсөтүү боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгынын алкагында Өзбекстандын аймагында жашаган этностук кыргыздар үчүн жыл сайын Кыргызстандын жогорку окуу жайларынан бюджеттик орундар бөлүнөт.

Алсак, 2022-2023-окуу жылына карата кирүү сынактарынын жыйынтыгы боюнча Өзбекстандын жараны болгон 25 этникалык кыргыз Кыргызстандын ЖОЖдоруна кабыл алуу үчүн сунушталган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

553