УКМК тарабынан 14-октябрында Кыргызстандын аймагына мыйзамсыз кирүү жана легалдаштыруу каналдарын аныктоого жана бөгөт коюуга багытталып жүргүзүлүп жаткан ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, жасалма документтерди колдонуп, мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өткөн, Өзбекстандын жараны кармалды. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы жарыялады.
Өзбекстан Республикасынын жараны “Ю.М.У.” Оруссия Федерациясынын Санкт-Петербург шаарынан КР Ош шаарына учуп келгенде, “М.А.Ю.” аттуу КР жаранынын паспортун көрсөткөн.
Кармалган “Ю.М.У.” КР Жазык-процесстик кодексинин 98-беренесине ылайык КР УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Бул факт боюнча КР УКМК тарабынан КР Жазык кодексинин 358-беренесинин 1-бөлүгү (Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү) боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүш иши башталды.
Азыркы учурда Кыргыз Республикасынын расмий документтерин мыйзамсыз даярдоо каналына тиешеси бар кызмат адамдарына карата тиешелүү комплекстүү ыкчам-иликтөө иш-чараларыны жүргүзүлүүдө.