Ооганстандагы Кандагар провинциясында жайгашкан мечиттин жанында кечээ, 15-октябрда жардыруу болгон. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, диний мекеменин жанында жарылуудан жети адам каза болуп, 13 адам жаракат алган.
Эскерте кетсек, 8-октябрда Кундуз провинциясындагы мечитте жарылуу болуп, 120дан ашык адам каза болгон жана 150дөн ашык киши жарадар болгон.