Өткөн жумада Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев калаага келген жаңы автобустар айдоочулардын жетишсиздигинен ишке чыкпай жатканын айтканы тууралуу макала окурмандардын кызуу талкуусуна алынган эле. Аталган маселеге бийлик да реакция кылып, автобустар кийинки жумадан ишке чыкмай болду.
Бишкек шаарынын мэриясы, 18-октябрдан тартып газ менен иштеген жаңы автобустар №21, 34, 46 -каттамдары боюнча 30 автобус линияга чыгаарын жарыялады.
«Эко жүргүнчүлөрдү ташуу» ЖЧКсы төмөнкү багыттар боюнча автобус каттамдарын чыгарат:
- — № 21- каттам: Биримдик конушу- Бакай-Ата конушу, 10 автобустун пландуу чыгуусу;
- — №46- каттам: Дордой базары- Эне-Сай конушу — Чоң-Арык айылы, 10 автобустун каттамга чыгуусу пландаштырылды;
- — 34 -каттам: Шоро фирмасы — Жеңиш конушу, каттамга 10 автобустун чыгуусу пландалып жатат.
Эске салсак, борбор калаага өткөн 4 айдын ичинде «Эко жүргүнчүлөрдү ташуу» ЖЧКсы тарабынан Өзбекстандан 210 жаңы автобус келген. Мэрия аталган компания менен меморандумга кол коюп, жаңы линияларды берүүнү убада кылган. Бирок, ушул учурга чейин белгисиз себептерден улам анын 90у гана ишке чыгып, калган автобустар иштебей турган. (Акыркы автобустар сентябрдын башында келген, жалпысынан 350 автобус алып келмек болгон)