7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Өзгөн: Коопсуз аймакка көчүрүлгөн эл чатырларда жашап жатат

504

Буга чейин жер көчкүдөн улам Өзгөндүн Карл Маркс айылынын Кызыл-Күңгөй тилкесиндеги 18 үй-бүлө коопсуз аймакка көчүрүлгөн.

«Калктын убактылуу баш калкалоосу үчүн 18 чатыр ошол эле аймактын коопсуз тилкесине орнотулган. Учурда электр жабдууларын орнотуу иши аяктап, таза суу менен камсыздалды» — деп берилет маалыматта.

Ал эми, “Улуттук Кызыл-Ай” коому тарабынан 2 даана чатыр онотулуп штаб жана медпункт жайгашкан. Убактылуу жашап жаткан 81 жаранга төшөнчү, гигиеналык каражаттар жана тиричилик буюмдары берилген.

Кечээ, 26-март күнү жер көчкү акырындык менен жылып, айылдын четиндеги турак үйдү, очоккананы басып, мал сарайга 10 метр аралык калган.

Эске салсак, 22-март күнү аталган аймакта жер кыртышы активдешип жер көчкү түшкөн.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

505