7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Өзгөндүн тургунун себепсиз сабаган  уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

822

Өзгөндүн тургунун себепсиз сабаган  уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Ош облусунун К.С. атуу жараны милиция кызматкерлерине кайрылып, 19-июль күнү болжол менен 19:00до Ош облусунун Өзгөн шаарынан белгисиз адамдар анын уулун себепсиз сабашып, денесине жаракаттарды келтиргендигин билдирген.

Бул факты боюнча топтолгон материалдар Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Ээнбаштык беренеси менен сотко чейинки өндүрүш башталган. Натыйжада, 28-июль күнү Ош облусунун «Кара-Суу-Өзгөн» унаа жолунан шектүүлөрдүн бири 1993-жылы туулган Т.О. кармалып, буга чейин бир нече жолу соттолгону аныкталды.

Белгилей кетсек, алынган маалыматтар боюнча шектүү уюшкан  кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турат. Учурда Ош ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

823