КР Экономика жана финансы министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги жыл башынан тарта айыптардын эсебинен мамлекетттик бюджетке 138 млн сом которду. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин директору Кеңешбай Тайлаков билдирди.
Анын айтымында, бул көрсөткүч былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырганда 30 млн сомго көп.
Тайлаков айыппулдун жыйналышынын көбөйүшү органдын эффективдүү иштешинен кабар берерин айтып, «Жылдын аягына чейин дагы көбөйтөбүз” , — деп убадалады.