Ош облусунун Өзгөн районунун Салам-Алик айыл өкмөтүндө сел жүрдү. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 27-май күнү саат 19:30 чамасында Салам-Алик айыл өкмөтүнүн жааган жаандын кесепетинен, кокту колоттордон келген сел суулар Кош-Этер айылынын ички чарбалык жолдорун каптап 1 турак үйгө сел кирип, 18 турак үйлөргө кооптулук жаралган.
Жогору аталган турак үйлөрдүн тургундары, туугандарына көчүрүлгөн. Ошондой эле Алтын-Булак айыл өкмөтүнүн Чечебай айылында ички чарбалык жолдун 150м аралыгын жана 20 турак үйдүн короосун каптаган.
Бүгүн жерине кошумча тактоо иштерин жүргүзүүгө Өзгөн райондук ӨК бөлүмүнөн ыкчам топ жана Өзгөн РМАнын башчысы акимдин орун басары тартылган.
Кошумча маалымат берилет.