Ошто мыйзамсыз сакталган АКС үлгүсүндөгү 7.62 калибриндеги Калашников автоматы табылып алынды. Бул тууралуу Ош ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, бул куралды Ош облусунун Кара-Суу районунун 1985-жылы туулган К. А. аттуу жаран мыйзамсыз сактап жүргөндүгү аныкталды. Алгачкы тергөөнүн маалыматтарына караганда бул курал 2010-жылы, июнь окуялары учурунда коомдук тартипти орнотууга тартылган түзүмдөрүнүн биринен уурдалган.
Учурда алынган куралга карата соттук-баллистикалык, соттук-дактилоскопиялык экспертизалары дайындалып, тийиштүү тергөө, ыкчам иликтөө иштери жүргүзүлүп жатат.