7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Өзгөндө студенттер мушташа кетип, 16 жаштагы бала каза болду

661

Оштун Өзгөн районундагы №62 кесиптик лицейдин студенттери мушташа кетип, 16 жаштагы өспүрүм каза болгон. Бул тууралуу Ош ОИИБден билдиришти.

Маалыматка ылайык, 20-декабрь күнү саат 21:30 чамасында милицияга Өзгөн районунун Кызыл-Октябрь айыл аймагындагы № 62 кесиптик лицейдин окуучусу 2006-жылы туулган Э.К., каза болгондугун Куршаб аймактык ооруканасынан билдиришкен.

Аталган маалымат Өзгөн РИИБдин кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, ыкчам-тергөө тобу окуя болгон жерге чыгышкан.

«Өзгөн районунун Кызыл-Октябрь айыл аймагында №62-кесиптик лицейдин студенттери пикир келишпестиктен улам уруша кетишкен. Күбөөлөрдүн берген көрсөтмөсүндө, 3-курстун студенти Өзгөн районунун тургуну 17 жаштагы А.уулу М., аттуу жаран Өзгөн районуну тургуну 16 жаштагы Э.К аттуу жаранды муштуму менен көкүрөк жагына уруп жибергенде эс учун жоготуп окуя болгон жерде каза болгондугу белгилүү болгон. Маркумдун денесине сырттан кароо жүргүзүлүп, анын өлүмүнүн себебин аныктоо максатында соттук-медициналык экспертиза дайындалган»,- деп берилет маалыматта.

Кылмышка шектүү убактылуу кармоочу жайына киргизилип, учурда териштирүү иш-чаралары жүрүп жатат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

662