7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ж.Абдрахманов көчөсүндө кеңейтилген курулуштар буздурулууда

633

Бишкек шаарынын мэриясынын Жер пайдаланууну контролдоо боюнча башкармалыгы мэрдин орун басары Нурдан Орунтаевдин жана Биринчи май районунун акими Максатбек Сазыкуловдун катышуусунда долбоорлорго туура келбеген кире бериш топторду, ошондой эле уруксат берилбеген кошумча курулуштарды бузуу иштерин жүргүзүлүүдө.

Башкармалыктын кызматкерлери Биринчи май акимиатынын жана «Тазалык» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери менен биргеликте жеринде иш алып барышууда.

Алсак, Ж.Абдрахманов көчөсүн бойлой Москва көчөсүнөн баштап Бөкөнбаев көчөсүнө чейин жалпы аянты 42 чарчы метр болгон 6 бастырма буздурулду жана жарнамалык конструкциялар алынды.

Башкармалыктын кызматкерлери тарабынан түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөндөн кийин объект ээлери ыктыярдуу түрдө алууда.

Буга чейин Башкармалык тараптан муниципалдык аймакты мыйзамсыз орнотулган объекттерден, уруксатсыз имараттардан жана курулмалардан бошотуу боюнча эскертүүлөр берилген.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

634