Кечээ, 3-август кечке маал 17:50дө жарышка чыккан жөө күлүк Нурсултан Кеңешбеков финалга чыга алган жок.
Жарышка 40 спортчу эки топко бөлүнүп катышты. Кеңешбеков биринчи топ менен жүгүрүп, өз тобунда жыйырма жөө күлүктүн ичинен 18-орунду ээледи. Алар 5 чакырым аралыктагы жарышка чуркаган.
Чуркоо боюнча кайра катышуу мүмкүнчүлүгү болбогондуктан, Кеңешбеков биринчи турдан эле оюндан четтеди.
Анткен менен аялдар арасында Дарья Маслова катышат, буга чейинки ишенимдүү ийгиликтерин эске алсак, кулүк кызыбыз жеңишти багындырат деген үмүт бар.
Эскерте кетсек, кыргызстандык жөө күлүк 7-августта 04:00до 42 чакырымга жүгүрөт.
Дарья Маслова машыктыруучусу Татьяна Борисова менен бирге Токиого 1-августта жол тартып кеткен.