Кечээ, 3-август Кыргызстан менен Беларусия өлкөсүнүн ортосунда тарыхта биринчи жолу, үзгүлтүксүз түз аба каттамы ачылды. Бишкек- Минск каттамынин биринчи рейсин AviaTraffic Company авиакомпаниясынын AirBus A320 учагы аткарды. Алгачкы рейс кечээ,Бишкеткен Минск шаарына барып конгон.
Жаңы каттамды «Минск улуттук аэропортунун» башкы директору Вячеслав Хоронеко, Беларус салты боюнча туздалган нан менен тосуп алды.
«Жаңы өнөктөш менен кызматташтыкты орнотуу Минск улуттук аэропорту үчүн дайыма маанилүү окуя болуп саналат. Биздин аэропорт тарыхында биринчи жолу Бишкек менен Минск ортосунда үзгүлтүксүз түз аба каттамы ачылды. Кыргызстан менен Беларустун кызматташтыгы акыркы жылдары саясий, экономикалык жана гуманитардык тармактарда активдүү өнүгүүдө. Ошондуктан, биздин өлкөлөрдүн ортосунда түздөн -түз үзгүлтүксүз аба каттамдарын түзүү туристтик жана ишкердик жүргүнчүлөрдү тартууну гана эмес, жалпысынан алганда, биздин өлкөлөрдүн көптөгөн тармактардагы кызматташтыгына оң таасирин тийгизет деп ишенебиз », дейт Хоронеко.
Манас аэропортунан (Бишкек) Минск улуттук аэропортуна учуулар шейшемби күндөрү Airbus A320 учагы менен аткарылат:
Учуу убактысы,
- Учуу — Бишкектен (Манас) 06:50 — конуу Минскте 08.40
- Учуу — Минсктен 10:25, конуу — Бишкекте 18:30.