“Мерседес” жана “Мерседес-Спринтер” үлгүлөрүндөгү жүк ташуучу унаалар Бишкек-Ош унаа жолунун 98-чакырымында жол кырсыгы болду. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, кырсыктын кесепетинен бир эркек киши оң бутунан жаракат алып, ооруканага баруудан баш тарткан.
Учурда ыкчам топ унааларды жолдун жээгине сүйрөп чыгарышкан.