7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргыз ССРинин эл артисти, опера ырчысы Ирина Деркембаева көз жумду

766

Өткөн жуманын аягы 9-октябрда Кыргыз ССРинин эл артисти, көрүнүктүү опера ырчысы Ирина Деркембаева  узакка созулган оорудан кийин, 94 жаш курагындадүйнөдөн кайтты. Деркембаева Ирина Григорьевна 1927-жылы 25-декабрда Россиянын Иркутск облусунун Үңкүрлүк деген жеринде туулган.

Алгачкы ишмердүүлүгүн 1942-жылы Бурятиянын борбору Улан-Удэ шаарындагы музыкалык драма театрынын кордебалетинен баштаган. Улан-Удэ шаарындагы музыкалык окуу жайдын вокал бөлүмүнө тапшырып, кийин окуусун П. И. Чайковский атындагы Москва консерваториясынын алдындагы музыкалык мектепте уланткан. 1946-жылы окуу жайды ийгиликтүү аяктаган соң Москва консерваториясына тапшырып, аны 1952-жылы аяктаган.

1952-жылдан тартып Кыргыз опера жана балет театрынын солисти болуп эмгектенип, көптөгөн концерттик иш-чараларга катышып, чет мамлекеттерде өткөн Корея, Индия, Индонезия, Сингапур, Монголия, Польшада, Чыгыш Германия жана Канадада гастролдорук иш-сапарларга чыккан.

1972-жылы театрдагы ишин улантуу менен бирге Кыргыз мамлекеттик искусство институтунда, кийин консерваторияда 30 жыл сабак берген. 1978-жылы доцент деген илимий даражага ээ болгон. Вокалисттердин жана балет бийчилеринин бүткүл союздук конкурсунун эки жолку лауреаты болот. Эмгек Кызыл Туу ордени менен сыйланган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

767