Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) Европа аймагы боюнча өкүлү Витянис Андрюкайтис Европа Биримдигин башка өлкөлөргө вакцинаны сактоо мөөнөтү өтүп кете электе берүүгө чакырды.
Ал мындай көрүнүш арбын кездешип жатканын эскертти.
«ДССУ Европа өлкөлөрүн колундагы вакцинаны Украина, Тажикстан, Армения жана Кыргызстан менен бөлүшүүгө чакырды. Бергиси келбей, кампада сактап, качан гана жарактуу мөөнөтү бүтөрүнө эки жума калганда жөнөтүшөт«, — деп билдирди атайын өкүл.
Ал дүйнөнүн бир канча аймактарында вакцина жетпей жаткандыгын айтты. Мындан улам ДССУ массалык эмдөө бүтмөйүн жана арбын мамлекеттерде COVID-19га вакцина жетпей жаткандыгын эске салып, бир жолу сайдыргандардан кайталап эмдөө жасоого шашылбай туруусун өтүндү.