7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ош шаары 10миң гектарга кеңейтилет. Кайсыл жерлер каралууда?

6529

Ош шаарынын аймагын кеңейтүү иши чектеш турган райондордун жерлерин алуу менен ишке ашат.

Бул боюнча жергиликтүү бийлик Президент менен Министрлер кабинетине атайын документтерди даярдап жөнөткөн. Анда шаардын аймагына кошсо болот деген 10 миң гектарга жакын жер көрсөтүлгөн.

Учурда бул маселени мекемелер аралык комиссиясы реалдуу изилдөө иштерин жүргүзүп жатат. Бул тууралуу Ош регионалдык шаар курулуш жана архитектура башкармалыгынын башчысы Алтынбек Токошев билдирди.

«Ош шаарына киргизсе болот деген жерлер калаанын батыш тарабынан Араван районунан каралган. Түндүк-батыш тарабы Өзбекстандын чек арасына чейин барат. Түндүк тарабы Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнө чейин, «Ош» эл аралык аэропорту, Кара-Суу районунун Кенжекул айылы да кирет. Ал эми Чыгыш тараптан Кара-Суу районуна караштуу Учкун, Отуз-Адыр айылдарына чейин жана келечекте жаңы аэропорт курулат деген аянт жакка чейин барат. Түштүк-чыгыш тарабынан Папан айыл өкмөтүндө жайгашкан Папан суу сактагычынын жанына чейин жетет»,-деди А.Токошев.

Экинчи борбордун аймагын кеңейтүү демилгеси, шаарга жакын жайгашкан райондордун эли шаардын инфраструктурасын колдонуп жаткандыктан көтөрүлгөн дешүүдө. Мисалы, ошол Кара-Суу районуна караштуу айрым айыл өкмөттөрдүн тургундары шаарда анклав катары жайгашып калган. Алар шаардын бардык инфраструктурасын колдонуп келишет.

Негизинен шаардагы райондордун анклавдарынын жалпы аянты 137 гектар болсо, шаарга жанаша жайгашкан айыл өкмөттөрдүн жерлеринин аянты 800дөн ашык гектарды түзөт. Мекемелер аралык комиссиянын корутундусу менен шаарга өткөрүү керек деп сунушталып жаткан 10 миң гектарга жакын аймак кыскарышы да мүмкүндүгү айтылды.

Ош шаарынын башкы планы 2016-жылы 29-августта Кыргыз Өкмөтүнүн атайын токтомуна ылайын бекитилген. Ал – шаардын өнүгүү стратегиясын, кеңейүү жолун жана социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрүн аныктоочу документ болуп эсептелет.

Эске салсак, Ош шаарынын аймагын кеңейтүү демилгеси 2010-13-жылдары да көтөрүлүп, бирок реалдуу жумуштар аткарылган эмес.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

6530