Ысык-Ата тергөө абагынан качып кеткен жаран изделүүдө. Бул тууралуу Чүй ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Бүгүн, 10-октябрда болжол менен саат 07:09дар чамасында тергөө-камакка алынган 1995-жылы туулган Акматов Тилек Турсуналиевич Ысык-Ата райондук ички иштер органынын убактылуу кармоочу жайынан качып кеткен. Ал 8-октябрда Аламүдүн райондук милиция кызматкерлери тарабынан уурдоо фактысы боюнча кармалган болчу.
Учурда Чүй облустук милициясынын өздүк курамына эскертүү берилип, посттор орнотулуп, ыкчам-издөө иштери жүргүзүлүүдө.
- Белгилери: бою 170-175 см, арык чырай, чачы кара кыска, жазы маңдай.
- Кийими: капюшондуу ак футболка, үстүндө кара куртка, башында кара топу, кара жынсы, ак байпак, бутунда кара бут кийим.
- Өзгөчө белгилери: эки ийнинде сегиз бурчтуу жылдыз түрүндө татуировкалар бар, оң колунда тату бар, эринин үстүндө оң жакта меңи бар.