7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жүктүн баасы 300 миң сом. Чек арадан мыйзамсыз өткөрүлүп жаткан жүккө бөгөт коюлду

953

Чек арадан мыйзамсыз өткөрүлүп жаткан жүккө бөгөт коюлду. Бул тууралуу Чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Баткен облусунун Кадамжай районунун Бак айылында 1996-жылы туулган А.Б.нын башкаруусундагы Хундай-Портер үлгүсүндөгү унаа кармалган. Айдоочу Кыргыз өлкөсүнөн Өзбекстанга тиричилик техникасын — 14 коробка чаң соргуч жана үтүктөрдү алып келүүгө аракет кылган.

«Контрабандалык жүктүн баасы 300 миң сомду түзгөн. Тиешелүү документтер толтурулгандан кийин айдоочу жана жүк кошумча иликтөө үчүн компетенттүү органдардын кызматкерлерине өткөрүлүп берилди», — дейт билдирүүдө.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

954