7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Жөнөкөйлүк мыкты сапат». Ангела Меркелдин араба түрткөн сүрөтү тарады

1372

Германиянын экс-канцлери Ангела Меркель пенсияга чыккандан кийинки алгачкы күнүн супермаркетте соода кылуу менен өткөрдү. Бул тууралуу маалыматты экс-канцлердин эс алуусуна кызыккан булактарга таянып, чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, Ангела Меркель таң эрте саат 08:30 чамасында жол тыгынына карабастан кеңсесине барган. Андан соң супермаркетке барып соода кылган. Экс-канцлерди супермаркетте жан сакчы коштоп жүргөнүн, бирок ал азык-түлүк салуучу арабаны өзү түртүп жүргөнүн көрүүгө болот. Сүрөт социалдык тармактарга тарап, кызуу талкуу жаратып жатат. Көпчүлүк Ангела Меркелдин жөнөкөйлүгүнө баа берген.

Ал буга чейинки маектеринин биринде кызматын тапшырган соң уктап эс аларын билдирген болчу.

Эске салсак, Ангела Меркель канцлердик кызматын 8-декабрда Олаф Шольцго тапшырып берген. Ал бул кызматты 16 жыл аркалады.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1373